Ana Sayfa / кыргыз
ТУРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ УЛУТТУК БИЛИМ БЕРҮҮ МИНИСТИРЛИГИ Republic of Turkey Ministry of National Education (Krgz) Коммерциялык Netiş Кесиптик Курсу & Netish Turkish Private Netiş Vocational Course & Netish Turkish Language Course of Turkish Programs Түркчө курс программалары (Атайын үйрөнүү группаларына карата программалар) Ылдам, оңой, таасирдүү Түрк тилин үйрөтүү! Бардык чет өлкөлүктөргө! Чет өлкөлүк студенттерге! Элчиликтин кызматкерлерине, үй-бүлөсүнө жана балдарына! 4-8 жумалык ылдам жана тереңдетилген Түркчө курс программалары 1ден 7 адамга чейинки түркчө атайын группалар 15 адамдан турган Түркчө жалпы группалар 20 жумалык стандарт Түркчө программалар Курста, иштеген жеринде, үйдө атайын сабактар Билим Берүү Министирлиги тарабынан тастыкталган Түркчө Тил сертификаты! Университтеттердин Түркчө даярдык класстарын окубастан өтүүгө кепилдик берет! Айда 60-120 саат мөөнөттүү 4-8 жумалык ылдам-тереңдетилген программалар. Айда 24-48 саат мөөнөттүү 20 жумалык стандарт программалар. Төлөмдөр: 1-7 адамдан турган жалпы 120 сааттык 1-2-3-даражадагы Чет өлкөлүктөр үчүн Түркчө Курс программасынын төлөм графикасы төмөкүдөй: 1-7-адамдык атайын группалар Алдын ала төлөө/Бөлүп төлөө: Төлөнө турган жалпы сумма/адам 7 адамдан турган группалар 65 € 9га бөлүнөт X 65 € = 585 € 6 адамдык атайын группалар 71 € 9га бөлүнөт X 71 € = 639 € 5 адамдык атайын группалар 85 € 9га бөлүнөт X 85 € = 765 € 4 адамдык атайын группалар 106 € 9га бөлүнөт X 106 € = 954 € 3 адамдык атайын группалар 142 € 9га бөлүнөт X 142 € = 1278 € 2 адамдык атайын группалар 212 € 9га бөлүнөт X 212 € = 1908 € 1 адамдык атайын группалар 318 € 9га бөлүнөт X 318 € = 2862 € 15 адамдык атайын групплар : Алдын ала төлөө/Бөлүп төлөө: Төлөнө турган жалпы сумма/адам 15 адамдан турган группалар 35 € 9га бөлүнөт X 35 € = 315 € Атайын жана Жалпы группаларда окуп жаткан бардык курстун катышуучулары, айда (24-48) саат мөөнөттүү стандарт же болбосо (60-120) саат мөөнөттүү ылдам-тереңдетилген программалардан бирин тандап, жуманын каалаган күнүндө жана саатында Түркчө үйрөнө алышат, акысын болсо 9 айга бөлүп төлөй алышат. Алдын ала төлөмдөрдө %15 жеңилдик берилет. Бааларга %8 Кошумчаланган Нарк Салыгы (НДС) да кошулган. www. netismeslekkursu.com / www.staffingeurasia.com Кеңири маалымат алуу үчүн! (Билим берүү министирлигинин амблемасы) Коммерциялык Netiş кесиптик Курсу & Netiş TURKISH ДАРЕГИ: Yukarı Dikmen Mah.Aleksander Dubçek Cad. No:25/A ÇANKAYA/ ANKARA Электрондук почта: bilgi@netismeslekkursu.com Телефон: + 90 312 442 65 85 Факс: + 90 312 4426586 Уюлдук телефон: + 90 505 615 80 51 NETİSH TURKİSH LEARN & EARN (ҮЙРӨН ДА-ИШТЕП АКЧА ТАП ДА) ТҮРКЧӨ ТИЛ СЕРТИФИКАЛУУ КУРС ПРОГРАММАСЫ (Жалпы үйрөнүү группаларына карата программалар) Learn & Earn Программасы, Түрк маданияты жана жашоо образы менен бирге бир топ башка маданияттарды жакындан таанып билүү мүмкүнчүлүгү бериген маданият алмашуу программасы болуп саналат. Бул программа менен; Түркчөнү үйрөнүү менен бирге Түркчө билгендериңизди иш жүзүндө бекемдеп, толуктоого мүмкүнчүлүк түзүлөт. Түркчө сүйлөгөн сайын чет тилиңизге болгон ишенимиңиз артып, чет тилди үйрөнүүдөн качпай каласыз. Көрөңгөңүздү кеңейтүү үчүн теңдешсиз мүмкүнчүлүккө ээ боло аласыз. Туркиядагы адамдар менен таанышып, алардын маданияттары жөнүндө көп нерсе үйрөнөсүз, ошондой эле өзүңүздүн маданиятыңызды да Туркияда таанытууга шарт түзүлөт. Эстен кеткис түбөлүктүү достук мамилелерди түптөөго оңтойлуу шарт түзүлөт Кыскасы; Түрктөрдүн жашоосу жама маданияты тууралуу, турист катары келип көрө албаган жактарын көрүп, кызыктуу сапарга аттанасыз! Ошондой эле, кеминде 6 ай эң көп 2 жыл боюнча Трукияда Түркчө үйрөнүү жана жашоо укугу берген бул программанын негизинде Түркчө үйрөнүп жатып, аны менен бирге акча таап, өзүңүз бутка турууну үйрөнөсүз. Learn & Earn программасынын жышааны менен Турктөр менен болсун, ар башка өлкөдөн программага катышуу үчүн келген адамдар менен болсун таанышып, алар менен тыгыз мамиледе болууну үйрөнөсүз. Өлкөңүзгө кайтып кеткенден кийин дагы, ар дайым сүйлөшүп, байланышта жүрө турган көптөгөн досторуңуз жана тааныштарыңыз болот. LEARN & EARN ПРОГРАММАСЫНА КАЧАН ЖАНА КАНТИП КАЙРЫЛСА БОЛОТ? Learn & Earn Программасына жылдын ар бир айында кайрылуу жасаса болот. Кайрылуу жасаган жана катышуу шарттарын камтыган баардык курстун катышуучуларына чакыруу каты жиберилет. Чакыруу катын алган курска катышуучулар алгач ошол өлкөдөгү Студентердин өкүлчүлүгү менен байланышуусу зарыл. Эгерде мындай мүмкүнчүлүк жок болсо же болбосо Студенттердин Өкүлчүлүгү өлкөңүздө жок болсо, анда электрондук почта, телефон жана башка байланыш каражаттары аркылуу мекемебиз менен түздөн түз байланыш түзө алышат. Ушундай жол менен Learn & Earn Программасына кантип кайрылуу жасай тургандыктары, кантип студенттик виза чыгарып Туркияга келе ала тургандыктары жөнүндө кеңири маалымат берилет. Жазышуулар Англис, Орус жан Түрк тилдеринде жүргүзүлөт. LEARN & EARN ПРОГРАММАСЫ МЕНЕН ТУРКИЯ САЯКАТЫҢЫЗ ЧЫГАШАСЫЗ БОЛОТ! Learn & Earn программасы менен Туркияга келгениңизде жашай турган жер, жеп-ичүү, майда барат чыгашалар Түркчөнү жана Түрк маданиятын таанытууга ыктыярдуу болгон Түрк үй-бүлөлөрү тарабынан каржыланат. Туркияда жашап жүргөн мезгилде конок болгон үй-бүлөнүн үй жумуштарына кол кабыш кылгандыгыңыз үчүн жашаган жер, тамак-аш деген чыгымыңыз болбойт, ошондой эле айда 500 $ менен 800 $ тегерегинде акча да иштеп таба аласыз. LEARN & EARN ПРОГРАММАСЫНЫН СИЗГЕ ЧЫГАШАСЫ КАНЧА ТУРАТ? Learn & Earn Түркчө программасы үчүн мекемебизге ар ай сайын болгону 100 $ курс акысын төлөйсүз. ТҮНӨК ЖЕР ТУУРАЛУУ БИЛҮҮҢҮЗ ЗАРЫЛ БОЛГОНДОР: * Learn & Earn Программасы менен Туркияга келгениңизде түнөк жериңиз даяр болот. * Окуу жайдын мейманканасында сизге ылайык Ыктыярдуу үй-бүлө табылганга чейин коногубуз болосуз. Бардык курс катышуучуларына ыктыярдуу үй-бүлө таап берилет. Эч кандай чыгашасыз (жашаган жери, тамак-ашы, 500-800 $ доллардын тегерегинде майда чыгашалар үчүн акча) жайгаштырылат. Ыктыярдуу үй-бүлө табылгандан кийин сизди үй-бүлө менен тааныштырып; эки жактын тең ой-пикири алынгандан кийин үй-бүлөбүз менен бир жерде жашап, Туркиянын маданиятын жакшылап тааный баштайсыз... 2013-2014 АЛДЫН АЛА КАЙРЫЛУУ МААЛЫМАТТАРЫ ЖАНА ШАРТТАРЫ, КИМДЕР КАЙРЫЛСА БОЛОТ? *Программабызга 17-55 жаштын оротосундагы бардык каалоочулар катыша алышат. * Билим алуусуна тоскоолдук кыла туган кандайдыр бир ооруусу жок болгондор *Жогорудагы шарттарга ээ болуу менен бирге , бул программага алдын ала кайрылуу үчүн жетишерлик деңгээлде экенин билим кеңешиндегилер мене жүргүзүлгөн сүйлөшүүнүн натйжасында белгилүү болот. Кээ бир студенттер сүйлөшүү учурунда деңгээли төмөн болгондуктан кабыл алынбайт. КАНТИП АЛДЫН АЛА КАТТАЛСА БОЛОТ? Студенттер алдын ала катталууну телефон, интернет аркылуу же болбосо почта, DHL жана башка жүк ташыган уюмдар аркылуу/ же болбосо жашаган өлкөдөгү бир Netish Turkish өкүлчүлүгү бар болсо ошол жерлерден катталса болот. Алдын ала катталуу үчүн Аты-жөнүңүз, Паспортуңуздун номери, Туулган жериңиз жана датасы жазылган биринчи 2 бетинин көчүрмөсү менен бирге 100 USA $ (Америка доллары) суммасындагы өлдын ала каталуу квитанциясын төмөндө жазылган Netish Turkish даректерине элентрондук почта, факс, почта же болбосо жүк ташыган уюмдар аркылуу жибериңиз/же болбосо өлкөңүздө бир Netish Turkish өкүлчүлүгү бар болсо, өзүңүз келип тапшырыңыз. Netish Turkish почта дареги: Yukarı Dikmen Mh. Aleksandır Dubçek Cad. 25/A Çankaya-ANKARA /TÜRKİYE Электрондук почта: bilgi@netismeslekkursu.com / Факс: + 90 312 442 65 86 КУРС АКЫСЫНА КАМТЫЛГАН НЕРСЕЛЕР ЭМНЕЛЕР! *Тандалган курс программасы *Сизге ылайык ыктыярдуу үй-бүлө табылганга чейин окуу жайдын мейманканасында жашаган мөөнөт... КУРС АКЫСЫНА КАМТЫЛБАГАН НЕРСЕЛЕР ЭМНЕЛЕР! *Алдын ала катталуу акысы *Netish Turkish окуу китептери *Саякат жана Ден соолук камсыздандыруу боюнча берилүүчү акча *Студенттин өз өлкөсүнөн Анкара Netish Turkish курсуна келүүсү *Аэропорттон түнөк жерге чейинки келүүсү *Түнөк жери менен Анкара Netish Turkish борборуна чейинки транспорт *Үй-бүлөнүн жанында же болбосо мейманканада интернет гарантиясы берилбейт. ОКУУ АКЫСЫ КАНТИП ТӨЛӨНӨТ? Алдын ала катталуу акысы жана курс акысы, банк аркылуу түз эле Netish Turkish банк эсебине төлөнөт. Банктын аты: Türkiye Garanti Bankası Ankara/Yıldız Şubesi Эсеп номери/IBAN:TR 14 0006 2000 4080 0009 0899 48 Бардык акча которууларда ылдам иш алып баруу үчүн студенттин аты-жөнү жана катталуу номери ачык жаана даана берилүүсү өтө чоң мааниге ээ. ТӨЛӨӨ ПЛАНЫ: Студент Netish Turkish курсуна кайрылып жаткан мезгилде катталуу кайрылуу акысы катары 100 USA $ (Америка доллары) акчаны банктын эсебине которот. Курс каттам акысын студент төлөө планына ылайык айлык Netish Turkish банк эсебине же болбосо накталай Анкара Netish Turkish борбордук бюросуна төлөп турат. ОКУУ ПРОГРАММАСЫ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ: Чет өлкөлүктөр үчүн Түркчө курс сертификат программасы ар бири жалпы болуп 120 сааттан турган 5 ай-6 ай мөөнөттүү 1-Даража (Башталгыч даражадагы Түркчө) 2-Даража (Орто даражадагы Түркчө) 3-Даража (Алдыңкы даражадагы Түркчө) болуп жалпысынан 360 сааттан турат. Чет өлкөлүктөр жогоруда белгиленген мөөнөт ичинде Netiş Кесиптик Курсу & Netish Turkısh тарабынан жиберилген чакыруунун (Acceptance) негизинде окуу максатындагы визаны алышат. Виза менен Туркияга келишкен учурда, бул визага таянып бул жерде жашоого укук бере турган документти (отурма изни) алышат. Андан кийин каалашынча Туркияда жашап, Башталгыч, Орто, Алдыңкы даражада Түркчөнү үйрөнө алышат. Эскертүү: Студенттер кааласа Netish TURKISHтин ар бири 10 айга чейин улана турган 1-2-3- даражадагы узун мөөнөттүү Түркчө Курс Сертификат Программасына катталса болот жана Туркияда калуу мөөнөтүн узарта алышат. РАСМИЙ ДЕМ АЛУУЛАР Курс борбору Туркиядагы майрам жана башка расмий дем алуу күндөрүндө жабык болот. Окуу программасы ошого жараша даярдалат. САЯКАТ ЖАНА ДЕН-СООЛУК КАМСЫЗДАНДЫРУУ АКЧАСЫ: Студенттик ден-соолук жана авария камсыздандыруу акчасын сиз өзүңүз төлөөгө мажбурсуз. Өтүмдүү камсыздандыруу векселинин Түркчө көчүрмөсүн Netish Turkish ке тапшырууңуз зарыл. БАШ ТАРТУУ ЖАНА КАЙТАРЫП БЕРҮҮ ШАРТТАРЫ: Бардык баш тартуу жана курсту таштап салуу жөнүндөгү билдирүүлөр Netish Turkish жетекчилигине же болбосо Netish Turkish окуу жайынын директоруна жазуу түрүндө билдирилүүсү абзел. Эгерде окуудан баш тарта турган болсо катталуу акысы жана окуган мөөнөттүн акысы кайтарылып берилбейт. ОКУУГА КЕЛБЕСЕ Студент курс программасына катышпаган болсо же келбеген болсо, эч кандай акча кайтарылып берилбейт. БАШ ИЙҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ БОЛГОН ЭРЕЖЕЛЕР Студенттерибиздин биз менен бейпил жана бейкут убакыт өткөрүүсүн камсыздоо максатында түзүлгөн Жүрүм-Турум Эрежелерине бардык студенттер баш ийүүсү абзел. ФИНАНСЫЛЫК ЖООПКЕРЧИЛИК Netish Turkishтин орундатууга сөз берген кандайдыр бир кызмат аткарылбаган болсо, Netish Turkishтин көзөмөлүнөн сырткары болгон бир себептен улам же болбосо башка бир пикир келишпестиктен улам окууну улантууну каалабаса Netish Turkish студентке карата эч кандай финансылык жоопкерчиликти мойнуна албайт. Netish Turkish ошондой эле мыйзмадуу түрдө баш ийүүсү мажбур болгон жерлерден сырткары, кандайдыр бир себептен улам адамдын өмүрү кыйылса же болбосо буюму жоголсо, жарадар болсо же бузулса эч кандай финансылык жоопкерчиликти мойнуна албайт.